06.07.2018 17:07

Ахунбаев көчөсүнүн ремонт иштери жыйынтыкталган тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды

Ахунбаев көчөсүнүн ремонт иштери жыйынтыкталган тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн Тыналиевден Бакаевге (Чапаев) чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Бул тилкеде бир ай бою калыбына келтирүү иштери жүрүп, жаңы асфальт-бетон төшөлүп, бордюрлар коюлган.

Ал эми, Ахунбаевдин Айтматов проспектисинен Бакаевге чейинки бөлүгү бүгүнтөн тарта ремонт иштерин жасоо үчүн  жабылды. Бул тилкедеги оңдоо иштери 30-августка чейин жүрөт.