01.06.2018 17:47

Ахунбаев көчөсүнүн тилкеси 2-июндан тартып жабылып, маршруттук таксилердин багыты өзгөрөт

Ахунбаев көчөсүнүн тилкеси  2-июндан тартып жабылып, маршруттук таксилердин багыты өзгөрөт

Ремонт иштерине байланыштуу 2-июндан тартып Ахунбаев көчөсүнүн тилкеси жабылат. Бул туурасында Капиталдык курулуш башкармалыгына таянып, мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришет. 

Оңдоо иштери Бакаев көчөсү менен Тыналиев көчөсүнүн кесилишинде жүрүп, 1-августка чейин созулат. 

Шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматына караганда, аталган жол тилкесинин жабылышына байланыштуу маршруттук таксилердин багыты өзгөрөт. 

№: 147, 130, 118, 264, 203, 202, 188, 170,157,159, 148, 101, 100 каттамындагы маршруткалар Тыналиев, Псковская ( кайра келатканда Поваринская көчөсү менен), Айни, Бакаев, Ахунбаев көчөлөрү менен келип андан ары өз багытын улантат.