03.07.2018 16:27

Ахунбаев көчөсүнүн тилкеси жабылганына байланыштуу он эки маршрутканын жүрүү багыты өзгөрөт

Ахунбаев көчөсүнүн тилкеси жабылганына байланыштуу он эки маршрутканын жүрүү багыты өзгөрөт

Ахунбаев көчөсүнүн  Бакаев көчөсүнөн  Айтматов проспектисине  чейинки тилкесинин жабылышы менен  маршруттук таксилердин багыты өзгөрөт. Бул туурасында  Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, № 100, 101, 118, 130, 147, 148, 154, 157, 188, 202, 203, 264 маршруткалардын жүрүү багыты  төмөнкүчө өзгөрөт:  кичиавтобустар  Бакаев менен келип  Айниге бурулуп, Айниден Ч.Айтматов проспектисине чыгып (эки тарапка тең), андан ары эски жолун улайт.  

Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт. Мурдараак аталган тилке 5-июлдан 30-августка чейин оңдоо иштерине жабылары айтылган.