25.09.2018 14:52

Аида Касымалиева: Министр Исакунованын дагы деле жумуштан бошотула электиги таң калтырат

Аида Касымалиева: Министр Исакунованын дагы деле жумуштан бошотула электиги таң калтырат

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Таалайгүл Исакунованын дагы деле жумуштан бошотула электигине таң калганын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Менин министр Исакунованын иши тууралуу позициямды билесиңер. Ал бүтүндөй бир секторду кыйратып жатат жана эч качан сандар, далилдер менен жооп бербейт. Эч качан! Даярданбайт. Өзүнө-өзү каршы чыгат. Кулак сыртында калтырат. Кийинки күндүн саат 13.00үнө карата ал дагы деле жумушунан бошотула электиги таң калтырат?!!», -деп жазат депутат.

Анын айтымында, бир жарым жылдан бери жөлөк пул тууралуу суроо салып, бирок, жооп ала албай келет. 

«Статкомдун маалыматына караганда, өлкөдөгү балдардын 32% жакыр үй-бүлөдө жашайт. Ушул эле комитеттин айтканына таянсак, Кыргызстандын балдары тое тамак жебейт! Буга карабастан, балдары бар өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн 13,9% жана жакыр үй-бүлөдө жашаган балдардын 15,5% гана аз камсыздандырылганы боюнча жөлөк пул алышат экен. Анда аз камсыздандырылганы боюнча жөлөк пулду ким алып жатат? 5 млрд. 330 млн. сом кимдерге коротулуп жатат?», -деп суроо салат депутат.

Аида Касымалиеванын айтымында, 2018-жылы мамлекеттик жөлөк пул тууралуу мыйзамды кабыл алуу жөлөк пулдарды белгилөө тутумун татаалдаштырып, өлкөнү 20 жыл мурунку абалга алып келди.

«Эми 2018-жылдын 1-июлунан тартып, жакыр үй-бүлөлөр балдары менен айылдан райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына барууга аргасыз. Аларда районго бармак тургай, балдарынын тамак-ашына акча жок. Мунун баары, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары жөлөк пул албай калышы үчүн жасалып жатат!

2018-жылдын мартында жөлөк пул тууралуу 2018-жылкы мыйзамды карап жатканда министр 270 миң бала аз камсыздык үчүн жөлөк пул алаарын билдирген. Бирок, 1-сентябрга карата ал балдардын саны 240  миңди түзүп калды. Тескерисинче, киреше эсептөөдө пенсия алынып салынганына байланыштуу жөлөк пул ала турган балдардын саны 500 миңге жетери божомолдонуп жаткан эле», -деди Касымалиева. 

Депутат ошондой эле, жакыр үй-бүлөлөр 3 маал тамактанып, билим алууга шарты болсун деген ойдо балдарын интернаттарга жайгаштырып, өздөрү жумуш издеп чет жакка чыгууга аргасыз болуп жатканын билдирди. 

«ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, 11 тмиң 800 бала интернат мекемелерине жайгаштырылган. Ал эми, Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлиги, Статком, Билим берүү министрлиги ар башка сандарды айтышат. Бул дагы өтө таң калычтуу. Же мындай болушу кимдир-бирөөгө керекпи?», -деп түкшүмөлдөйт эл өкүлү. 

«Анан эле балдарды, өлкөнүн аялуу катмарын коргой турган министрликтин кызматкерлери тескерисинче, интернаттагы балдарды сатуу менен алектенип жатканын көрүп жатабыз. Балким, Социалдык өнүктүрүү жана эмгек  министрлигиндеги мындай коррупциялык саясатты түп-тамырынан бери соолутууга убакыт келгендир? Кыргызстандын балдарын сатканды коюп, коргош керек!»- деди Касымалиева.