05.12.2018 11:16

Ак үйдөгү сырдуу 312-кабинет

Ак үйдөгү сырдуу 312-кабинет

Жогорку Кеңештин эвакуациялык планы акыркы эки жылдан бери жаңыланбай жатат. Ага биздин кабарчыларыбыз күбө болуп келишти.

Мисалы, парламенттин үчүнчү кабатындагы үч кабинет бир иш бөлмөсүнө бириктирилип, мурдагы спикер Асылбек Жээнбековго берилген эле. Бирок, бул маалымат эвакуациялык планга киргизилген эмес.

Белгилей кетсек, эки жыл мурда 321-чи кабинет ызы-чуунун чордонуна айланган болчу. Ага карабай азыр дагы бул иш бөлмөсү президенттин бир тууган иниси Асылбек Шариповичке таандык.