30.03.2018 10:08

Ак-Буура дарыясынын боюнда жайкы сахна ачылды

Ак-Буура дарыясынын боюнда жайкы сахна  ачылды

Ак-Буура дарыясынын боюндагы 2017-жылдын августунда  башталган жайкы сахнанын курулуш иштери жыйынтыкталды. Ага  жергиликтүү жана республикалык бюджеттен 16,4 млн сом өлчөмүндөгү   каражат бөлүнгөн.  

Конструкциянын узундугу 60 метр, туурасы 40 метрди түзөт. Сахнанын ачылыш аземине  Премьер-министр Сапар Исаков катышты. 

Аталган жайкы  аянт уникалдуу жана  Борбордук Азия боюнча бирөө гана. 

Объектини  куруунун максаты – Ош шаарынын жашоочуларына эс алууга жана бош убактысын  өткөрүүгө ыңгайлуу жерди түзүү болгон. Ошондой эле бул жерде шаардык жана эл аралык маанидеги ар түрдүү коомдук иш чараларды өткөрүү пландалат.