11.04.2018 16:49

"Акылдуу шаар" долбоору тесттик режимде иштеп баштайт

"Акылдуу шаар" долбоору тесттик режимде иштеп баштайт

Өкмөт 12-апрелден баштап, “Акылдуу шаар” долбоорун тесттик режимде сынап көрөт. Бул туурасында КСДП фракциянын жыйынында өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

Камералар борбордун  төмөнкү кесилиштерине  коюлган:

- Фрунзе – Ибраимов көчөсү;

- Байтик Баатыр – Горький;

- Байтик Баатыр – Ахунбаев;

- Байтик Баатыр — Токомбаев.

«Бул камералар жол кыймылынын эрежесин бузуунун төрт түрүнө фото жана видео аныктоо жүргүзөт.  Алар токтоо чийининен чыгып кетүү, экинчи тилкеден бурулуу, ылдамдыкты жогорулатуу жана жолчырактын кызыл жарыгына токтобой өтүп кетүү. Эреже бузуу аныкталгандан кийин бул тууралуу айдоочуга айып дүмүрчөктөрү келет », — деп билдиришет өкмөттөн.