08.05.2018 14:15

Акысыз мехенди, креативдүү фото-зоналар, мастер-класстар. Дем алыш күнүн пайдалуу өткөрүңүз

Акысыз мехенди,  креативдүү фото-зоналар, мастер-класстар.  Дем алыш күнүн пайдалуу өткөрүңүз

12-майда Ыйык Рамазан айынын башталышына арналган "Рамазан-жан-дүйнө майрамы" аталышындагы уникалдуу долбоор  өтөт.

Иш-чара 12-май күнү 17:30да Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында (10-кичирайон, Түштүк дарбаза) болмокчу.  Бул туурасында April.kg порталына уюштуруучулар билдиришти. 

Иш-чара коммерциялык эмес мүнөздө жүрүп, негизги максаты шаар тургундарына жана конокторуна жакшы маанай тартуулоо.

Ошондой эле, мындай  акциялар ар башка конфессиялардын, улуттардын өкүлдөрүнүн ортосунда достук мамиле түзүүгө, маданияты менен алмашууга көпүрө болуп берет. 

Бул иш-чара 3 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат дешет уюштуруучулар.

Программада балдар жана чоңдор үчүн кызыктуу конкурстар, викториналар, эстрада жылдыздарынын, акындардын катышуусундагы концерт камтылган.

Ошондой эле, шаар тургундары үчүн  Muslim Art фото-арт көргөзмөсү, Борбор-Азиянын эң мыкты дизайнерлеринен каллиграфия жана леттеринг боюнча мастер-класстар, акысыз мехенди, креативдүү фото-зоналар уюштурулган.