28.08.2018 17:33

Акыйкатчы аппараты омбудсмендикке өз талапкерин көрсөттү

Акыйкатчы аппараты омбудсмендикке өз талапкерин көрсөттү

Акыйкатчы аппараты парламент фракцияларынын лидерлерине кайрылып, Урмат Аралбаевди омбудсмен кызматына талапкер катары колдоп берүүнү өтүндү. Маалымат кызматтын айтымында, Аралбаевдин талапкерлиги жамааттын чогулушунда ортого салынып, бир добуштан жактырылган. 

37 жаштагы талапкер юридикалык жогорку билимге ээ. 2003-жылдан бери Акыйкатчы аппаратында ар кандай кызматтарды аркалап келет. 15 илимий макаланын, анын ичинде 1 монографиянын автору. 

Эскерте кетсек, мурунку Акыйкатчы Кубат Оторбаев ушул жылдын 27-июнунда кызматын тапшырган. Жаңы Акыйкатчыны Жогорку Кеңеш жайкы эс алуудан келгенден кийин тандайт.

Бул кызматка отурууну көздөгөндөрдүн арасында «Ата Мекен» фракциясы көрсөткөн Канатбек Азиз, жарандык активист Рита Карасартовалар бар.