26.06.2018 17:47

Акыйкатчы Кубат Оторбаев кызматынан кетет

Акыйкатчы Кубат Оторбаев кызматынан кетет

Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев үстүбүздөгү жылдын 27-июнунан тартып акыйкатчы катары ыйгарым укуктарын токтотот. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Оторбаев жарандарга болгон кайрылуусунда мындай чечимди өз ыктыяры менен кабыл алганын белгилеген.

"Ар бир адамдын, анын ичинде, мамлекеттик кызматкердин турмушунда анын билими менен ишбилгилиги башка жаатта, башка жерлерге керек болгон учур келет, ал чөйрөлөрдө адам мамлекетке жана коомго көбүрөөк салымын кошушу ыктымал. Мындай учур мага да келди. Бул алдын-ала жакшылап ойлонулган чечим, ал өз ыктыярым менен кабыл алынды", — деп айтылат кайрылууда.

Кубат Оторбаев мындан 2,5 жыл мурда парламент тарабынан Кыргызстандын Акыйкатчысы болуп бекитилген.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы жыл алдында акыйкатчы 2016-жылдын отчетун бере электигин айтып, катуу сындаган болчу.