24.04.2018 14:30

«Ак-Кула» ат майданында улуттук ат-спорт оюндары өтүүдө

«Ак-Кула»  ат майданында улуттук ат-спорт оюндары өтүүдө

Калаада Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесине арналган улуттук ат-спорт оюндары өтүп жатат. Бул туурасында Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. 

22-апрель күнү спорттун улуттук түрү көк-бөрү боюнча оюн башталган. Калаанын 140 жылдыгына арналган  көк-бөрү боюнча Бишкек чемпионаты спорттун улуттук түрлөрүн жайылтуу максатында уюштурулган.

Таймашка өлкөнүн ар аймагынан келген 12 команда катышууда.   

Эскерте кетсек, көк-бөрү боюнча мелдеш 27-апрелге чейин болот. 28-апрель күнү саат 11:00дө «Ак-Кула» ат  майданында улуттук ат-спорт оюндарынын жабылуу аземи өтөт.

Салтанатка 300 комузчу катышып,  «Маш ботой» күүсүн чертет, ошондой эле,  300  бийчи «Кыргыз бийи», «Жайлоо майрам» жана  «Көчмөндөр ыры» аттуу кыргыз бийлерин аткарышат.