Аккумулятор уурдоонун кыныгын алгандар колго түштү
Бишкек шаарында аккумулятор уурдоого шектелип, 4 жаран колго түштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Милицияга уурдоо фактысы тууралуу арыз түшкөн. Анда 22-июнь күнү белгисиз адамдар жүк ташуучу унаанын 2 аккумуляторун уурдап кетишкени жазылган. Муну менен жабырлануучуга 18 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси ( уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Ленин РИИБынын Криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында, кылмышка шектүү делип 1995-жылкы М.у.Ж, 1995-жылкы Б.у.Б, 1998-жылкы Н.у.Э жана 1996-жылкы К.у.А аттуу жарандар колго түшүрүлгөн.
Иликтөө иштеринин журүшүндө маалым болгондой, кылмышка шектүүлөр мындан тышкары дагы ушундай 10 фактыга тиешеси бар экени аныкталды. Алар Тергөө изоляторуна 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.
Тергөө уланууда.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: