09.08.2018 10:36

«Ак-Ордо» конушундагы унаа жолду куруудан 6,4 млн сом зыян келтирилгени аныкталды

«Ак-Ордо» конушундагы унаа жолду куруудан  6,4 млн сом зыян келтирилгени аныкталды

Бишкек шаарынын прокуратурасы Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын кызматтык адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны аныктады. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.  

«Ак-Ордо» жаңы конушундагы унаа жолдун курулушу мыйзам чегинде өткөнүн текшерүү учурунда, Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалык менен «М.Г.» ЖЧКсынын ортосунда тендердин жыйынтыгы менен  97 млн 536 миң 900 сомго аталган конуштагы жолго курулуш жана монтаждоо иштерин аткарууга келишим түзүлгөнү аныкталган. 

Башкармалыктын жооптуу кызматтагы адамдары кызмат абалынан пайдаланып, архитектуралык-шаар куруучулук мыйзамдын талаптарын бузуп, жалданма уюм курулуш материалдарына жана ишке карата бааны жогору көрсөткөнүнө карабай, бүткөрүлгөн иштин курулуш нормаларына жана эрежелерине туура келерин текшербей туруп кабыл алышкан.  Анын  долбоордук-сметалык документациянын талаптарына жооп берери да текшерилген эмес.

Мунун кесепетинен мамлекетке 6 млн 473 миң 437 сом материалдык чыгым келтирилген. Бул факт боюнча 304-берене «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»  боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органга жиберилди. .