04.07.2018 08:30
«Ак-Ордо» жаңы конушунда катуу шамал 5 үйдүн чатырын учуруп кетти
Бишкек шаарындагы «Ак-Ордо» жаңы конушунда катуу шамал 5 үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Алдын-ала маалымат боюнча, окуя кечээ кечки саат 18:30 чамасында болгон. Ылдамдыгы секундасына 15 метрге чейин жеткен шамал жаңы конуштун Жумабек жана Алп-Ордо көчөлөрүндө жайгашкан 5 турак үйдүн чатырларын учуруп кеткен.
«Жеринде маалыматты тактоо үчүн КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн офицери чыгып кеткен. Кошумча маалымат берилет», -деп жазылат маалыматта.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: