АКШ курамасы Красноярский крайынын көк бөрүчүлөрүнөн утулду
Красноярский крайынын курамасы көк бөрү оюнунда АКШ курамасын чоң эсептик айырма менен утуп алды. Бул туурасында ДКО уюштуруу катчылыгынан билдиришти.
Бүгүн, 4-сентябрда Бактуу-Долоноту айылында Көк бөрү боюнча таймаштын экинчи күнү өтүп жатат. С тобунда россиялык Красноярский крайынан келген спортчулар АКШнын командасы менен беттешти. Америкалыктар спорттун аталган түрү боюнча мелдешке Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында экинчи ирет катышып жатышат. Оюнда америкалыктар 3:17 эсебинде утулушту. Эми Казакстан менен таймашат.
3-сентябрда Кыргызстан менен Монголия командалары беттешип, кыргыз курамасы 29:5 эсебинде Монголияны утуп алган. Өзбек курамасы Башкортостан командасын 19:1 эсебинде жеңип кеткен. Москва шаарынан келген көк бөрүчүлөр афган спортчуларын 7:2 эсебинде артка таштаган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: