08.10.2018 14:50

АКШда кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыгына кабылды

АКШда кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыгына кабылды

АКШда кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында Америкадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Бектур Элебес социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. 

42 жаштагы Алмаз Муминов АКШнын Миссури штатында 4-октябрда таңкы саат 2:30да Спринтер унаасы менен жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага жаткырылган. Анын 2 бутуна жана ичегилерине операция жасалып, бир ай ичинде дагы бир нече операция жасоо зарылдыгы айтылат.  

Жолдошунун кырсыкка кабылганын уккан Муминовдун жубайы ошол эле күнү Чикагодон Миссурини беттеп жолго чыгып, бирок бир жарым сааттык жол калганда аварияга кабылып, Колумбия шаарындагы ооруканага жаткырылган. Аялдын оң колу жаракат алып, баш мээси чайкалган.

«Алмаз Муминов үй-бүлөсүн жалгыз иштеп багып жаткан. 18,10 жана 5 жаштагы кыздары бар. Азыр оор абалда. Дарылоого жана калыбына келтирүүгө көп акча керек. Сиздердин жардамыңыздарга үмүт кылабыз», -деп жазган жакындары, мүмкүнчүлүгү болгондорду https://www.gofundme.com/almaz-muminov дареги менен акча топтоого катышууга чакырат. 

Бардыгы 50 миң доллар керектелсе, учурда бул сумманын 7,6 миңи топтолгон.