04.04.2018 11:56

АКШда YouTube компаниясынын кеңсесинде ок атышуу болду

АКШда YouTube компаниясынын кеңсесинде ок атышуу болду

АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Бруно шаарында жайгашкан YouTube компаниясынын кеңсесиндеги ок атышууну  Калифорния штатынын тургуну  Насим Агдам баштаган.  Бул тууралуу  ABC  телекомпаниясы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып билдирди. 

Алардын маалыматы боюнча, ок ачкан аял Риверсайд шаарынын 39 жаштагы тургуну болгон.  Аялдын YouTube компаниясына эч кандай тиешеси жок.   Ошол эле учурда  куралчан айымдын  ок атуудан жаракат алган бир киши менен  мамилеси болгонун  айрым басылмалар  жазып чыгышты.

Ал адам учурда оор абалда, ооруканада. Ок атышуудан  дагы эки аял жаракат алды.  Бирок, полициянын маалыматында, аларга ок кокус тийген.  Ок атуудан кийин аял өзүн-өзү атып таштаган.