09.10.2018 14:47

АКШда жол кырсыгына кабылган Муминовдун абалы туруктуу оор деп бааланууда

АКШда жол кырсыгына кабылган Муминовдун абалы туруктуу оор деп бааланууда

АКШда жол кырсыгына кабылган Алмаз Муминовдун абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул туурасында ТИМден билдиришти. 

Миссури штатынын Жол-кайгуул кызматы КРнын АКШ жана Канададагы Элчилигине берген маалыматка караганда, Муминов башкарган «Мерседес-Бенц» кичи бусу менен оор жүк ташуучу «Фрайтлайнер» унаасы 4-октябрь күнү түнкү 02:29де Миссури штатынын Салин округунда №70 федералдык унаа жолдо кагышкан. Эки унаа тең батышты көздөй бара жаткан. Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу А.Муминов Канзас-Ситидеги медициналык борборго жеткирилген. 

Туугандарынын айтымында, учурда дарыгерлер жабырлануучунун абалын туруктуу оор деп баалашууда. Элчилик Муминовдун туугандары менен байланышта болуп, колунан келген жардамын көрсөтүп жатат.  Ошондой эле, АКШ жана Канадада жашаган кыргызстандыктар Муминовго жардам иретинде акча чогултушууда.  

Эскерте кетсек, кечээ АКШда кыргызстандык 42 жаштагы Алмаз Муминов жол кырсыгына кабылган. Анын 2 бутуна жана ичегилерине операция жасалып, бир ай ичинде дагы бир нече операция жасоо зарыл экени, буга 50 миң доллар талап кылынаары айтылган.   

Жакындары https://www.gofundme.com/almaz-muminov платформасы аркылуу акча топтоо уюштуруп, кайрымдуу адамдардан жардам сурашкан.