19.09.2018 16:27

АКШнын жаңы элчиси Дональд Лу: Кыргыздын колунан баары келерине ошондо көзүм жетти

АКШнын жаңы элчиси Дональд Лу: Кыргыздын колунан баары келерине ошондо көзүм жетти

АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Дональд Лу өзүнүн биринчи кайрылуусун кыргыз тилинде жасады. Тасма АКШ элчилигинин Facebook социалдык тармагындагы расмий баракчасында жарыяланды.

«Мен үй-бүлөм менен Бишкекке кайра келгениме абдан кубанычтамын. Кыргыз Республикасы жүрөгүбүздө ар дайым өзгөчө орунду ээлеп келет», -дейт элчи. 

Элчи өз сөзүндө, эң эсте калаарлык саякаты мындан 14 жыл мурун Соң-Көлдү көздөй болгонун эскерет.  «Ошондо жол тандабас унааны айдап алып, дүйнөдөгү эң татаал жолдордун биринен өткөм. Көлгө келгенде көптөгөн кыргыздар үй-бүлөлөрү менен «Жигули»  айдап келгенине таң калгам. «Кантип келдиңер?»,- деп сурасам, «Жөн эле»,- деп жооп беришкен. Унаасы жаман жолдо тыгылып калганда, алар унааларынан чыгып, баары биригип, жолдун жаман жерлеринен көтөрүп өткөрүп, унаасында жүгү көп болсо башка жолоочуларды күтүп, алар менен бирге унаасын өткөрүп коет экен. Достук тар кыяда сыналат эмеспи. Кыргыздын колунан баары келерине ошондо көзүм жетти. Жашоого ушундай колумдан баары келет деген мүнөздө караган, берешен эл экен. Дүйнөгө эң кооз, атактуу тоолору, Көчмөндөр оюндары менен белгилүү болгон Айкөл Манастын жерине кайтып келүү мен жана менин үй-бүлөм үчүн чоң сыймык», -деди Дональд Лу.

Расмий маалыматтарга караганда, Дональд Лу Калифорния штатынан, жогорку дипломатиялык кызматтын кызматкери, министрдин кеңешчиси классына ээ. 7 тил билет. 2003-2006-жылдары Бишкекте америкалык элчиликтин жетекчисинин орун басары кызматын ээлеп келген.