04.05.2018 09:11

Ак-Турпактын имам хатиби өз каражатына таштанды челектерин орнотту

Ак-Турпактын  имам хатиби өз каражатына таштанды челектерин орнотту

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн имам хатиби Бердикул ажы Аширов   өз каражатынан айылга таштанды салуучу урналарды орнотту. Бул туурасында муфтияттан билдиришти.

Имам хатиб  элди тазалыкка чакырган баннерлерди чыгарып, көчө бойлоруна жайгаштырды. 

Бердикул ажы Аширов бул демилге  айылдын жүзү тазалык экендигин көрсөтүп, тазалыкты сактоодо дин кызматкерлери үлгү болушу керектиги маанилүү экендигин түшүндүрдү.