15.08.2018 15:16

«Акжол-автожол» өткөрүү бекетинде акциздик маркасы жок 3 миңден ашык куту тамеки алынды

«Акжол-автожол» өткөрүү бекетинде акциздик маркасы жок 3 миңден ашык куту тамеки алынды

«Акжол-автожол» өткөрүү бекетинде өлкөдөн тамеки продукцияларын мыйзамсыз алып чыгып бараткан 3 жаран кармалды. Алардын экөө- кыргыз,  бирөө-казак жараны. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Кыргыз жарандарына таандык кол баштыктарын текшерүү учурунда, чек арачылар ар кандай аталыштагы чылымдарды аныкташкан. Аларда КР акциздик маркасы болгон эмес.

Сурак учурунда, алар аткезчилик менен алып бараткан 3 миң 740 куту тамеки 1986-жылкы казак жараны Г.М.ге таандык экенин билдиришкен.

Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн алынган продукция Каржы полициясынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.