24.09.2018 18:19

Ала-Бука чек ара отрядынын аскер кызматкерлери үйлүү болушту

Ала-Бука чек ара отрядынын аскер кызматкерлери үйлүү болушту

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында Ала-Бука чек ара отрядынын аскер кызматкерлери үйлүү болушту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, №2030 аскер бөлүгүнүн аймагына 24 батирлүү 3 кабаттуу үй салынып бүттү. Үйдүн курулуш иштерине каражатты Кыргызстандын ЕАЭБке кирүү алкагында Россия Федерациясы берген. Жалпысынан курулушка 53 млн. 652 миң сом кеткен. Ал эми имараттын курулуш иштери 2017 жылдын апрель айында башталган.

Бул турак-жай үчүн өзүнчө көмүр менен жылытуучу жай курулган. Батирлердин ичинде бардык шарттар каралып, сууну ысытуучу апараттар дагы киргизилген. Ошондой эле үйдүн алдында жаш балдардын аянты дагы курулган.

Ачкычтарды тапшыруу аземи учурунда жакынкы арада Талас жана Чүй облусундагы чек арачылар батирлүү болору тууралуу айтылды.