11.06.2018 16:17
Аламүдүн районунун акими алмашты
Аламүдүн районунун акими Касымбек Чодуров кызматынан бошотулду. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Чодуров Касымбек Жалилович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунуштамасынын негизинде Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулду.
Өкмөттүн башка буйругу менен Алтынбек Намазалиев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: