06.06.2018 10:40

«Ала-Тоо» аянтында кыз ала качууга каршы акция өтүп жатат

«Ала-Тоо» аянтында кыз ала качууга каршы акция өтүп жатат

Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында «Биз, жаштар — кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз» деген аталыштагы флешмоб өтүп жатат. Бул туурасында April.kg кабарчысы билдирет.

Иш-чара Enactus Кыргызстан эл аралык бейөкмөт уюмунун демилгеси, Билим берүү министрлиги жана Жаштар иштери жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен өтүүдө.  Максаты - жаштар кыз ала качууга каршы экенин билдирүү жана эрте үй-бүлө курууга  жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакыруу.

Өтүп жаткан флешмобго Юридикалык академиядан, Манас университетинен, Кыргыз экономикалык университетинен жана башка калаадагы 20 чакты окуу жайлардан студенттер катышып жатканы айтылат.  Алар колдоруна «Ала качуу -салт эмес, кылмыш», «Жаштар зордук-зомбулукка каршы», «Ар бир кыз бактылуу болууга укуктуу» деген ураандарды кармап турушат. 

Жаштар иштери жана спорт мамагенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Пархановдун айтымында, жаштар коомдогу бардык көрүнүштөрдү туура кабыл алып, үй-бүлө курууда чон жоопкерчилик менен карашы керек. 

Ал эми, Enactus Кыргызстан бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлбарчын Сүйүнова:«Бурулайдын көйгөйү- коомдун көйгөйү. Бул маселеге позитивдүү түрдө чакырык таштап, коомдун көңүлүн бурдуруу керек», - деп билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Айсулуу Мамашова дагы келишти. 

Жогорку Кеңеште Бурулайдын маселесине биринчилерден болуп депутаттардын көңүлүн бурган Мамашова:  «Парламенттеги жаш эл өкүлдөрү  Бурулайдын маселесин жаштардын орчундуу маселеси катары карап, тийиштуу мыйзамдардын үстүндө иштейбиз»,- деп билдирди. Ал эми, башка депутат Жанар Акаев: «Аялдарга болгон мамилени өзгөртүүгө мезгил жетти. Зомбулукту жоюуга демилгелерди кубаттап чыгабыз»- деп кошумчалады.