03.05.2018 16:25

Ала-Тоо аянтындагы "гүл саат" иштеп баштады

Ала-Тоо аянтындагы "гүл  саат" иштеп  баштады

Эми шаар тургундары так убакытты Ала-Тоо аянтындагы "гүл саатты" карап биле алышат.  Бишкектин борбордук аянтында бүгүн саат түрүндөгү гүлдөрдүн композициясы калыбына келтирилди. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти. 

Учурда  «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери аянтка гүлдөрдү отургузуп жатышат. Ошондой эле, гүлдөр Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин айланасында жана аянттын чет-жакаларына тигилген.  

Аянттагы гүлдөр агератум, сальвия жана  тагетис сортунда. Ишке "Тазалыктын" 20 жумушчусу тартылып, гүл отургузуу дагы деле уланууда. 

Калаа мэриясы шаардыктарды муниципалдык кызматтардын ишин баалоого жана гүлдөрдү үзбөөгө чакырат.