12.04.2018 15:00

"Ала-Тоо" рестораны жакын арада өз ишмердүүлүгүн улантат

"Ала-Тоо" рестораны жакын арада өз ишмердүүлүгүн улантат

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-көзөмөл борборунан билдиришкендей, иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, “Ала-Тоо” ресторанындагы массалык ууланууга мекемеде санитардык режимдин сакталбаганы, тамак бышырууда технологиялардын бузулганы жана “Тайча жасалган тоок эти” тамагын сактоо мөөнөтү себеп болгон.  

Жапырт уулануунун себебин  жоюу жана патогендик микрофлоранын ресторанда жайылышын токтотуу максатында санэпидемкөзөмөл борбору ашканада зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүштү.  Иш-чарадан соң жабдыктар, идиш-аяк жана мүлктөр жуулган сууну кайра текшеришип, ичеги-карын таякчаларынын бактерияларын  табышкан эмес.   

 «Ала-Тоо» ресторанынын 62 кызматкерин күтүүсүз текшерип, анализдин жыйынтыгында жумушчуларда сальмонелла  жок экени аныкталды.

Жакын арада ресторан өз ишмердүүлүгүн  улантаары айтылат.