02.04.2018 09:26

Бишкекте тойдогу тамак-аштан уулангандардын саны 139 адамга жетти

Бишкекте  тойдогу тамак-аштан уулангандардын саны 139 адамга жетти

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында тамак-аштан уулангандардын саны эртең мененки саат 8.00гө карата алынган маалымат боюнча 139 адамга жетти. Арасында 14 жашка чейинки 19 бала бар. 

89 адам ооруканага жаткырылып,  абалдарды  орточо оордукта. Калган 50 адам амбулатордук дарылануу алып, үйлөрүндө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык  көзөмөлдөө борборунан April.kg порталына билдиришти.  

Ысык-Көл облусунда тойдон барган 12 адам ооруканага кайрылып, алардын 10  дарыланууга жаткырылган.

Эскерте кетсек, 31-мартта аталган ресторанда үйлөнүү үлпөтү болуп, тойго ар кайсы аймактан 190 адам чакырылган. Ууланууга эмне себеп болгону 3 күн аралыгында билинет, Бул үчүн жабыркагандардан үлгүлөр алынып, лабораторияга жиберилген.