22.08.2018 12:36

Алай районунда жер титирөө катталды

Алай районунда жер титирөө катталды

Бүгүн эртең менен Алай районунда жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМдн маалымат кызматынан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча, 2018-жылдын 22-август күнү саат 09:49 чамасында республикабыздын аймагында эпицентринде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Алай районунун Нура айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.