Алайда Гүлчө-Бүлөлү ички чарбалык унаа жолу сел калдыктарынан тазаланды

Гүлчө-Бүлөлү ички чарбалык унаа жолу сел калдыктарынан тазаланып, бир тараптуу ачылды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айыл аймагынын Көл-Чаты айылында 2018-жылдын 14-август күнү саат 22:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүргөн.
Ал айылдагы 3 турак үйдүн мал сарайын жана Гүлчө-Бүлөлү ички чарбалык унаа жолунун 40-чакырымын каптаган. Унаа жолдорду тазалоого 2 жүктөгүч тартылган.
16- август күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде унаа жол бир тараптуу тазаланды, жол каттамы ачык. Бүгүн, 17-август күнү кеңейтүү иштери жүргүзүлөт. Ал эми жергиликтүү тургундар тарабынан 3 турак үйдүн мал сарайлары сел калдыктарынан толук тазаланган.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: