26.04.2018 23:48

Албек Ибраимов отставка, максаттары, жаңы автобустар жөнүндө

Албек Ибраимов отставка, максаттары, жаңы автобустар жөнүндө

"Апрель" телеканалынын түз эфиринде бүгүн мэр Албек Ибраимов алып баруучулардын жана социалдык тармак колдонуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Алып баруучунун "Кокустан  жумуштан бошоп калсаңыз, эмне иш менен алек болосуз", -деген суроосуна, Албек Ибраимов: "Иштин көзүн билген адам эч качан жумушсуз калбайт", -деп жооп берди.

"Кетпей калсаңыз, шаар үчүн дагы кандай иштерди аткарасыз?" - деген суроого, алдыга койгон максаттары көп экенин айтып, бир күнү эфирге келип, алар тууралуу шашпай айтып  берүүнү убадалады. 

Калаага жаңы автобустар качан келет деген суроого, Албек Ибраимов: "Өкмөт убада кылган акчаны бөлүп берсе эле, тендер жарыялайбыз. Биздин автобустар кандай болушу керектиги тууралуу өз талаптарыбыз бар. Балким, сентябрь айларында келип калат", -деген жооп узатты.