26.04.2018 22:10

Албек Ибраимов: Жумушума байланыштуу чечим мурда эле чыккан

Албек Ибраимов: Жумушума байланыштуу чечим мурда эле чыккан

«Жумушума байланыштуу чечим мен шаардык кеңештеги “Республика-Ата Журттун” депутаттары менен жолукканга чейин эле чыккан», - деп билдирди бүгүн “Апрель” телеканалына берген маегинин учурунда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов.

Мэрдин айтымында, шаардык кеңеш депутаттары өздөрүндө жок укукту колдонуп, Жогорку Кеңештин депутаттарына теңтайлашкысы келген.

“Мен кечээ аларды сыйлаганымдан эле жасаган ишим тууралуу отчёт берип коёюн деп баргам. Мени менен кошо ар кайсы тармак үчүн жооп берген вице-мэрлер да барышкан болчу. Анткени, бул мэрдин эле эмес, жалпы Бишкек шаарынын мэриясынын отчёту болушу керек эле. Бирок депутаттар вице-мэрлерди чыгарып ийип, бардык маселе боюнча менин жооп беришимди талап кылышты”, -деди Албек Ибраимов.

“Мен алардын бардык суроолоруна жооп бергенге аракет кылдым. Суроолор баягы эле жылда көтөрүлүп жүрчү маселелер тууралуу болду: шаардын тазалыгы, көчөттөр, жолдорду оңдоо сыяктуу. Бирок, менин 4,5 саатка созулган отчётум эч нерсени өзгөрткөн жок. Алар менин отчётумду уга электе эле, менин жумушум тууралуу чечим кабыл алышкан”,- деди мэр.   

Алып баруучунун, отствкага кетүүдөн коркпойсузбу деген суроосуна, мэр: “Отставкага кетүүдөн коркпойм, баштаган иштерим аягына чыкпай калышынан корком”, -деп билдирди.