12.09.2018 09:52

Албек Ибраимовдун ишин карай турган Бишкек шаардык сотунун отуруму кечеңдөөдө

Албек Ибраимовдун ишин карай турган Бишкек шаардык сотунун отуруму кечеңдөөдө

Бишкек шаардык сотунун бүгүн, 12-сентябрь саат 09:30га белгиленген отуруму баштала элек. Жыйында  Албек Ибраимовго байланыштуу райондук соттун өкүмү канчалык мыйзамдуу экени каралмак. Бул тууралуу April.kg порталынын кабарчысы билдирди.

27-августта Биринчи май райондук соту ачык отурум өткөрүп, анда Ибраимовду камакта кармоо мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу чечимин кабыл алган.  Буга каршы болгон жактоочулар жогорку инстанцияга арыз менен кайрылышкан.  

Эскерте кетсек, Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов 19-июлда УКМК тарабынан камакка алынган. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Ибраимовду 29-августка чейин  УКМКнын тергөө изоляторунда кармоо тууралуу чечим чыгарган. Жактоочусу бул боюнча жогорку инстанцияга арызданып, бирок, 30-июль күнү Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 

Адвокат Сергей Слесарев бул чечимдерге каршы Жогорку сотко арызданган. Ал Ибраимовду камакта калтыруу тууралуу чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынып жатканын белгилеп, мындай чечимдер сот бийлигинин аброюн түшүрө турганын белгилеген.

Бирок, 15-августта Жогорку Сот Албек Ибраимовдун жактоочусунун экс-мэрдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке каккан. 

Мурунку калаа башчысы «Дастан» ишканасынын  мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектелип жатат. Ошондой эле, тергөө Албек Ибраимов  «Дастан» ишканасын жетектеп турган кезде шаймандарды жеткирүүчү компаниядан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алган деген айыптарды тагууда.