02.07.2018 09:36

Алдыдагы күндөргө карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Алдыдагы күндөргө карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

2-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

3-июлда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9 метрден, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-июлда түнкүсүн тоо этектеринде жана  тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 4-июлда күндүз жана 5-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.