02.07.2018 17:10

Алыскы аймактарда жашаган калктын аялуу катмарына мобилдик тейлөө кызматы көрсөтүлөт

Алыскы аймактарда жашаган калктын аялуу катмарына мобилдик тейлөө кызматы көрсөтүлөт

Калкты тейлөөчү мобилдик борборлор эми өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган калктын аялуу катмарына кызмат көрсөтүп башташат. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Жаңы унаалар менен камсыздалган 16 мобилдик топ Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарына жөнөп кетти.  Жакынкы арада Нарын жана Чүй облусуна да мындай борборлор жөнөтүлөт.

Калкты тейлөөчү мобилдик борбор - бул паспорттоштуруу, никени каттоо боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн тиешелүү бардык техникалык жабдыктар менен жабдылган атайын кичиавтобус. 

Ошондой эле, ал жакта касса аппараттары, фото жана көчүрмө кызматтары бар. Мобилдүү борборлор бул кызматтар үчүн райондун борборуна чыгууга аргасыз болгон айыл тургундарынын түйшүгүн жеңилдетүү максатында түзүлгөн. 

Мындай мобилдик топтордун кызматтары менен карылар үйүндө жашагандар, Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлери, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, ошондой эле жетимдер менен балдар үйүнүн тарбиялануучулары колдоно алышат. Булар үчүн кызмат көрсөтүү-акысыз.

16 автобусту Мамлекеттик каттоо кызматына Япон өкмөтүнүн  жардамы менен ПРООН аркылуу берилген. Өлкөдө экинчи жыл иштеп жаткан долбоордун жалпы наркы 5,5 млн. долларды түзөт.