04.07.2018 14:30

Алыскы райондордун тургундарына документтер көчмө топтор аркылуу жасалат

Эми алыскы аймактарда жашаган жарандарды документ менен камсыздоо иштери жеңилдейт. Бул боюнча мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Алардын айтымында, эл аралык донорлор калкты тейлөөчү көчмө топтор үчүн жаңы унааларды беришти. Ал транспорт каражаттары өлкөнүн бардык дубандарына таратылып, ондогон мамлекеттик кызматтарды жеринде көрсөтүүгө ылайыкташтырылган. Алардын ичинде паспортторду жаңылоо, жарандык абал тууралуу документтерди берүү сыяктуу милдеттер бар.