23.08.2018 21:46

Алматы район аралык соту Мурат Тунгишбаевдин баш коргоо чарасын карайт

Алматы район аралык соту Мурат Тунгишбаевдин баш коргоо чарасын карайт

Алматы шаарынын адистештирилген район аралык соту эртең, 24-августта саат 11:00дө Мурат Тунгишбаевдин баш коргоо чарасын карайт. Бул туурасында блогердин жубайы Мира Калиева Фейсбуктагы баракчасында билдирди. 

«Достор, 24-августта Мураттын баш коргоо чарасын аныктай турган сот өтөт. Дал ушул күнү анын сол көзүнө ыкчам операция жасалышы керек. Биз соттон аны үй камагына чыгарууну сурайбыз, анткени, Тергөө изоляторунун шартында адискөй медициналык жардам ала албайт, ал өз кезегинде оор кесепеттерге алып келет», -деп жазат активисттин жубайы. 

Буга чейин кыргыз бийлиги тарабынан Казакстанга өткөрүлүп берилген казак блогери Муратбек Тунгишбаевдин сол көзү көрбөй калганы тууралуу маалымат тараган. Буга тергөө изоляторунда жаткан активистке өз убагында дарыгерге көрүнүү мүмкүнчүлүгү берилбегени себеп болгон. 

«22-августта Мурат Тунгишбаевди Офтальмологиялык борборго алып келишкен. Өз убагында дарылабагандыктан, күйөөмдүн бир көзү көрбөй калды. Ага тез арада операция жасоо керек, ошондой эле, экинчи көзү да көрбөй калуу коркунучу жаралууда», - деп билдирген жубайы Мира Калиева.  

Эскерте кетсек, Мурат Тунгишбаевдин эки айлык камоо мөөнөтү 27-августта аягына чыгат. Ал июнь айынан бери Алматынын Тергөө изоляторунда кармалып турат. Блогер 10-майда Бишкектен казак тараптын өтүнүчү менен кармалган. 26-июнда Кыргызстан аны Казакстанга өткөрүп берген. Блогерге «тыюу салынган экстремисттик уюмдун мүчөсү болгон» деген айып тагылууда.