22.02.2019 13:21

Алмазбек Атамбаев 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоодо КСДП тизмесин баштап берет

Алмазбек Атамбаев 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоодо КСДП тизмесин баштап берет

Алмазбек Атамбаев 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоодо КСДПнын талапкерлеринин тизмесин баштап берет. Бул туурасында маалымат жыйын учурунда партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, «Атамбаевсиз - КСДП»  долбоорунун социал-демократтарды бөлүп-жаруу планы ишке ашпайт. Төраганын орун басары Асель Кодуранованын билдиришинче,  Алмазбек Атамбаев парламенттин депутаттыгына ат салышат, бирок өкмөттөгү бир кызматты, же президенттикти ээлөө ниети жок. 

Партиялык тизме жөнүндө айтып жатып, КСДП мүчөлөрү ал партияга берилген адамдардан түзүлөөрүн, анда олигархтарга орун болбосун билдиришти.