23.05.2019 16:01

Алмазбек Атамбаев: Атаандаштык принцибин сактоо - адилет шайлоонун кепилдиги

Алмазбек Атамбаев: Атаандаштык принцибин сактоо - адилет шайлоонун кепилдиги

КСДП мүчөлөрү саясий партиялардын ишмердүүлүгүн изилдөөнүн алкагында КР шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолугушту. Бул туурасында партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. 

Жолугушууда «Жарандык платформа» коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова кылдат талдоо Кыргызстандагы саясий партиялардын чыныгы муктаждыктарын баалоо жана аныктоого багытталганын билдирди. Анын айтымында, «Саясий партиялар тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип жатат. 

«Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр 20120-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык экени түшүнүктүү», -дешет партиядан. 

Жолугушууга катышкан экс-президент,  КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаев шайлоодо атаандаштык принциби сакталышы зарыл экенин билдирди.

«Атаандаштык принцибин сактоо - адилет шайлоонун бир кепилдиги болуп саналат. Бул өңүттөн караганда, бийликтин келе жаткан шайлоого КСДПны өткөрбөө аракети Кыргызстандагы  демократиялык жараяндарга жана парламентаризмди бекемдөөнү камсыз кылууга терс таасир тийгизет. Биз суроолорго болушунча ачык-айкын жооп бердик, алардын көбү иш жүзүндө алынган жооптор. Өлкөдөгү саясий уюмдардын негизги көйгөйү - идеологиянын жоктугу, КСДП тууралуу мынтып айта албайсың.  Биздин сунуштар жана тилектер тийиштүү мыйзамдарды иштеп чыгууда эске алынса, кубанычта болобуз»