22.10.2018 12:30

Алмазбек Атамбаев Азиядагы саясий партиялардын Эл аралык жыйынына катышат

Алмазбек Атамбаев Азиядагы саясий партиялардын Эл аралык жыйынына катышат

Кыргыз Республикасынын экс-президенти, КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаев Москва шаарында өтө турган Азиядагы саясий партиялардын Эл аралык жыйынынын Х башкы ассамблеясына катышат. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйын 24-27-октябрда Москва шаарында өтөт. Алдыңкы азиялык, африкалык жана латынамерикалык партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү эл аралык чыңалуу жана экстремизм менен күрөшүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле, партия аралык кызматташтык тууралуу да өзүнчө сөз болот. Андан сырткары, суверендүү мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөө маселелери боюнча тегерек стол өтөт.

22-23-октябрда Алмазбек Атамбаев бир тууган жеңеси Е. Шаршенованын көзү өтүп кеткенине байланыштуу Санкт-Петербург шаарына барып, көз көрсөтүп, акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат. 

28-октябрда бул иш-чаралардан кийин Алмазбек Атамбаев Бишкекке кайтып келет.