10.12.2018 22:59

Алмазбек Атамбаев: Бир чети Нариман Түлеевге боорум ооруйт

Алмазбек Атамбаев: Бир чети Нариман Түлеевге боорум ооруйт

Октябрдын акырында Алмазбек Атамбаев Москвага иш сапары менен бара жатып, Нариман Түлеев менен бир учакка отуруп калганы бар. Анда Түлеев алгач Атамбаевди качып баратат деп, Фейсбуктагы баракчасына чыгарып, анан бир аз өтпөй эле экөө чогуу түшкөн «селфи» сүрөт илген. Аны эки жүздүүлүккө айыптап чыккан интернет колдонуучуларына жооп кылып, Нариман Түлеев учакта 3 саат бою Атамбаевге сын-пикир айтып барганын, экс-президент унчукпай угуп отурганын айтып, актанган.

Бул боюнча суроого Атамбаев төмөнкүчө жооп берди: «Самолетко отурсам, аркамда бирөө бакылдап аткан. Карасам, Түлеев экен. Анан «кел» деп ишаарат кылдым. Келип, жаныма отур десем отурду. Бакылдабай арманың болсо айт десем, үч саат армандарын төгүп айтып атты. Эми, ал айткан сөздөрдү айтсам өзү ыңгайсыз болгону турат. Бир чети аяп да жатам Нариманды. Эмне дээр элем, бирок эми калп айткан жагынан барон Мюнхгаузенден да ашып кетиптир. Аман эле болсун».