22.02.2019 12:30

Алмазбек Атамбаев: Биздин партия ар дайым калыстык үчүн күрөшөт

Алмазбек Атамбаев: Биздин партия ар дайым калыстык үчүн күрөшөт

Бүгүн, 22-февралда КСДП ЖМК өкүлдөрү үчүн брифинг өткөрүп жатат. Жыйындын башында партиянын лидери Атамбаев  келип сөз сүйлөдү.

Ал партиянын төрагасы катары да, президент катары да көп ката кетиргенин кошумчалады. «Көп нерсеге көзүм ачылды. Бирок, биздин партияга кошулгандар анын духун сактап калат деп ишенем. Биздин партия ар дайым калыстык үчүн күрөшөт. Биздин катарыбыз тазаланууда», -деди экс-президент.

Буга чейин КСДПда жаңы жумушчу органдар түзүлгөнү маалымдалган. Жалпысынан 7 Комитет жана бир Кеңеш түзүлдү.

Партиялык көзөмөл комитети – партияга анын мүчөлөрүнүн моралдык- саясый жүзүн байкоого кол кабыш кылат жана партиянын намысын булгагандарга таасир этүү боюнча аларды партиянын катарынан чыгарууга чейинки сунуштарды берет.  

Уюштуруу иштери боюнча комитети – борбордогу жана аймактардагы партиялык уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялоо чараларын иштеп чыгат.

Маалыматтык саясат жана үгүт иштери боюнча комитети – партиянын негизги маселелер боюнча позициясын калкка ЖМК жана соцтармактар аркылуу жеткирүүгө жардамдашат.

Укук маселелери, мыйзамдуулук жана шайлоо боюнча комитети – мыйзам чыгаруу органдарына (Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңешке) шайланган партиянын мүчөлөрүнөбул органдарда кароо үчүн алынып чыга турган калктын жашоосун жакшыртууга, анын укуктарын коргоого багытталган маанилүү укуктук  демилгелерди түзүүгө жардамдашат.

Жарандык коом жана саясый бирикмелер менен өз ара аракеттенүү боюнча комитети – жарандардын башка бирикмелери менен ири коомдук-саясый мааниси бар биргелешкен долбоорлорду издеп табат жана ишке ашырат.

Экономикалык, социалдык реформалар жана өнүктүрүү программалары боюнча комитети – аталган тармакты туруктуу анализдейт жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды, алардын натыйжалуулугун арттыруу үчүн корректировкалап туруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

Эл аралык байланыштар боюнча комитети – идеологиялык жактан жакын болгон чет элдик партиялар жана уюмдар менен байланыштарды чыңдоого кол кабыш кылат жана КСДПга алардын тажрыйбасын өздөштүрүүгө жардамдашат.

Жаштардын демилгелерин колдоо жана алдыга жылдыруу боюнча Кеңеши – жаштар саясаты чөйрөсүндөгү демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшөт жана жаш активисттер менен иш алып барат.    

Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган адамдардын баарын КСДП  комитеттердин ишине катышууга чакырат.