10.12.2018 23:20

Алмазбек Атамбаев : Кыргыздар саткындарга, чөөлөргө убактылуу алданат, бирок көпкө алданбайт

Алмазбек Атамбаев : Кыргыздар саткындарга, чөөлөргө убактылуу алданат, бирок көпкө алданбайт

Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына «Атамбаевсиз -КСДП» партиясы тууралуу пикирин билдирди.

Азыр КСДПны тартып алуу аракеттери жүрүп жатпайбы. Сагынбек Абдрахманов «партияны уурулардан тазалайм, гүлдөтөм, жыргатам» деп жүрөт. Сиздин тарапташтарыңыз ал топту «алсыздаган арстанга чөөлөрдүн асылышы» деп аташты. Сиз буга кандай комментарий бересиз, кырдаалга кандай ойдосуз?

—Буларды чөөлөргө тарапташтарым салыштырган жок, бул калыс сөздү Адахан Мадумаров айткан. Бирок накта айтыптыр. Анткени, булар чындап эле чөөлөрдүн өзү. Болгондо да, кутурган чөөлөр. Кечээ күнү башка партияда жүргөн Данияр Тербишалиев жүрөт, партиядан айдалган Сагынбек жүрөт. Булар биздин партияга асылбай эле «Кыргызстан кутурган чөөлөр» партиясын ачып алса туура болмок. Буларга мамлекеттик органдар, УКМК  баш болуп жардам берип атышат.

Бирок бир нерсеге таң калам, макул, мени душман кылып жок кылайын деп атсаңар, Жээнбековдор, КСДПнын аркасы менен көгөргөнсүңөр да? КСДПнын арты менен Асылбек Жээнбеков үч жолу депутат болгон, эки жолу спикер болгон.  КСДПнын арты менен Сооронбай Жээнбеков президенттикке чыккан. Президент да болду. Негизи булар Кудайдан такыр коркпойт экен. Бирок Кудай бар, күтүп туралы. Бул чөөлөр үчүн деле уят менен бүтөт.  Анткени саткындар, ушакчылар, чөөлөр Кыргызстандын тарыхында далай болгон. Тарыхта кара тамгалар менен калат андайлар. «Кыргыздар башка эл, саткындарга, чөөлөргө убактылуу алданат, бирок көпкө алданбайт». Күтө туралы.

Азыркы коррупция менен болгон күрөшкө сиз кандай баа бересиз? Себеби 2012-жылы коррупция менен күрөшөм деп сиз да өз ишиңизди баштадыңыз эле. Сиз коррупция менен күрөштүңүзбү же күрөш азыр башталып атабы?

—Эми мен эки эле мисал келтирейин. Мен күрөштү баштаганда, бюджет абдан тартыш болчу, мамлекеттин киреше бөлүгүнүн көбүн бажы берет. Ошондуктан 2010-жылдын жайында бажыга Кубанычбек Кулматовду алып баргам. Кулматов үч жылдын ичинде кирешени үч эсеге көбөйткөн.  Бул- бир мисал. Экинчи мисал, мына өткөн жылы дээрлик декабрга чейин мен президент болдум, мен дайындаган күч орган кызматкерлери  жыл аягына чейин иштеди. Өткөн жылы коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында бюджетке 8,5 миллиард сом өткөрүлгөн. Эми мына азыр 11 ай өттү. Өкмөттүн атайын депозиттик эсебине жылдын башынан тартып,  6-декабрга чейин 701 миллион сом тушүптүр. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 11 айда 3 млрд. 251 млн. сом кайтарып бериптир. Муну кошсок 3 млрд. 953 млн. сом  болуп атат. Макул 4 млрд. дейли. Өткөн жылы бакылдабай-сакылдабай эле Атамбаевдин командасы 8,5 млрд.сом өткөрүп берген. Бирок булар элди алдап атат, булар бакылдаса, эл да ишенип атат. Бирок 8,5 млрд. сом Атамбаевдин командасыныкы жана 11 айда 4 млрд, макул 12 айда 4,5 болсун, эки эсе азайып атпайбы. Мына цифраларды алсак, жыйынтык ушундай. Чындыгында коррупция менен күрөшүү эки эсе азайып атпайбы. Анткени азыркы бийлик, ошол эле Асылбек Жээнбековду тойлордо ким менен жүргөнүн көрүп атабыз-  Раим миллион, Акмат Келдибеков жана башкалар. Булар коррупция менен күрөшүп атабыз деп коюп, тескерисинче коррупционерлерди бажыга, салык кызматына, баардык органдарга алып келип атат. Керек болсо УКМКда дагы ошондой абал деп угуп атам. Ошондуктан бул эч кандай коррупция менен курөшүү эмес. Бул - көз боемочулук, элди алдоо. Ошондуктан азыр бюджет дагы тартыш болуп атат.