19.07.2018 17:39
Алмазбек Атамбаев: мен Албек Ибраимовго карата тергөө иштери акыйкат болооруна ишене албай турам
Албек Ибраимовдун иши (5 материалов)
© Султан Досалиев
«Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовго ачылган иште чындык менен мыйзам эске алынбай жатканын көрүп туруп, мен Албек Ибраимовго карата деле тергөө иштери акыйкат болооруна ишене албай турам»,- деп билдирди КСДП лидери Алмазбек Атамбаев. Экс-президенттин Бишкек мэрин камакка алууга карата пикирин партиянын маалымат кызматы таратты.
«Дастан» ишканасына миллиондогон киреше, ал эми мамлекетке - бул ишкананын тарыхындагы алгачкы дивиденддерди алып келген долбоор үчүн Албек Ибраимовду кантип күнөөлөп жаткандарын түшүнүү кыйын», -деп жазылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, бүгүн, 19-июлда УКМК Албек Ибраимовду бир нече иш боюнча шектүү катары камакка алды.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: