10.12.2018 21:16

Алмазбек Атамбаев Жазуучулар союзуна бөлүнгөн акча, Чыңгыз Айтматов тууралуу

Алмазбек Атамбаев Жазуучулар союзуна бөлүнгөн акча, Чыңгыз Айтматов тууралуу

Жакында эле «Азаттык» радиосу журналисттик иликтөө жасап, Жазуучулар союзуна бөлүнгөн 50 млн рублга экс-президенттин тиешеси жок экенин далилдеп чыгышты. Алмазбек Атамбаев бул айың кеп экенин дагы бир жолу тастыктап, мындай ушак кептерге улуу адамдардын атын аралаштырышканына нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында, Чыңгыз Төрөкулович абдан ишенчээк адам болгондуктан, кээ бир ыплас адамдар жазуучунун бул сапатынан колдонууга аракет кылышчу.

«Ошол эле Жакшылыковго окшогон адамдар Чыңгыз абабызга кирип, мени жамандап, мага душман кылууга бир топ эле аракет кылышкан. Бирок, Чыңгыз Төрөкулович кыраакы адам болчу.  Ал чындыкты көргөндөн кийин тескерисинче, биз абдан жакын болуп калганбыз.1995-жылы Фининспекциясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы чыкты. Эсимде, ошол 1995-жылы апам өтүп кетип, күзгө маал ашын бергенбиз,  Чыңгыз Төрөкулович өзү келип, куран окутту. Үйүмө да келип турчу. Кийин Чыңгыз Төрөкуловичтин көзү өтүп кеткенден кийин мүрзөсү бир топко чейин бүтпөй жатты. Эстеликтер коюлбай атты.  Анан мен премьер болгондон кийин тыйын-тыпырын таап, биринчи ирет Бишкекке Ала-Тоо аянтына Манас атабыздын эстелигин койдурдум. Анан бетме-бет кылып туруп Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун эстелигин койдурдум. Эстеликти өзүм тандадым. Мына жакында Сооронбай Жээнбеков Москвадан Айтматовдун эстелигин ачып келди. Чындыгында ал эстеликти да «Бул жер парк экен, москвалыктар келип эс алат, башкача эстелик болсун» деп,  мен өзүм тандагам. Манас атабыздын Бишкектеги, Москвадагы эстеликтерин да өзүм тандагам. Анткени, кыргыздар Манас, анан Айтматов деген эки ысымды туу тутуш керек. Мындай ыплас нерселерге алардын аттарын аралаштырбаш керек. Анан ушак кеп чындыкка окшоп калат деп айрым акмактар ушундай адамдын да атын ушактарга кошуп атат, тилекке каршы», -деди Атамбаев.