11.11.2019 13:00

Алмазбек Атамбаевдин небереси Бишкекте өткөн шахмат боюнча чемпионатта коло медаль алды

Алмазбек Атамбаевдин небереси Бишкекте өткөн шахмат боюнча чемпионатта коло медаль алды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин небереси Селим Бишкекте өткөн шахмат боюнча чемпионатта 3-орун алды. Бул туурасында April.kg порталына Селим Атамбаевдин машыктыруучусу Илимбек Эсенбек уулу билдирди. 

Маалыматка караганда, мелдеш 1-9-ноябрда Бишкектеги №28 мектепте өткөн. Ага 6 жаштан 18 жашка чейинки 400 бала катышкан.

«Селим Атамбаев 12 жаштагы балдар арасында күч сынашып, 3-орунга татыктуу болду. Мелдештин жыйынтыгы менен мурунку президенттин небереси Кыргызстандын балдар арасындагы чемпионатына катышууга жолдомо алды. Ал чемпионат келаткан жылы 3-январда өтөт. Буюрса, алдыңкы 3 орундун бирөөсүн алабыз деген үмүт бар», -деди Илимбек Эсенбек уулу.

Машыктыруучунун айтымында, Селим Атамбаев буга чейин бир топ ирет шахмат боюнча мелдештерде байгелүү орундарды алган. Былтыр Дубайда өткөн чемпионатта 10 жашка чейинкилер арасына 1-орунга татыктуу болгон.  

«Бишкек-2019 чемпионатынын» жеңүүчүлөрүнүн тизмеси: 

6 жашка чейинки балдар арасында:
1-орун:
Женишбеков Дастан
2-орун: Жумабаев Алишах
3- орун: Юбуров Ахмад

6 жашка чейинки кыздар арасында:
1-орун: Токтаалиева Аяна
2-орун: Мелисова Элайым
3- орун: Бакытова Аделя

8 жашка чейинки балдар арасында:
1-орун: Токтобеков Шабдан
2-орун:  Ибраимов Дастан
3- орун: Камчыбеков Алтай

8 жашка чейинки кыздар арасында:
1-орун: Сагынбекова Жибек
2-орун: Сабырбекова Айжан
3- орун:  Усманова Аиша

10 жашка чейинки балдар арасында:
1-орун:Алыбаков Наиль
2-орун: Шаршенбеков Эмир
3- орун: Момуналиев Руслан

10 жашка чейинки кыздар арасында:
1-орун: Съездбекова Айжан
2-орун: Куш Агния
3- орун: Карташева Яна

12 жашка чейинки балдар арасында:
1-орун: Юнусов Нуриддин
2-орун: Дуйшенбеков Элхан
3- орун: Атамбаев Селим
 

12 жашка чейинки кыздар арасында:
1-орун:Жунушбекова Аймончок
2-орун: Агалыкова Ангелина
3- орун: Абдурахманова Рамина

14 жашка чейинки балдар арасында:
1-орун:Орозбаев Эльдияр
2-орун: Суванбеков Джахонгир
3- орун: Абдылдаев Нурислам

14 жашка чейинки кыздар арасында:
1-орун: Момункулова Иманнур
2-орун: Орозбекова Айиза
3- орун: Кудайназарова Даира

16 жашка чейинки балдар арасында:
1-орун: Сакибаев Нурсултан
2-орун: Дегенбаев Азиз
3- орун: Кадыркулов Сайид

16 жашка чейинки кыздар арасында:
1-орун: Мирлан кызы Азалия
2-орун: Бакытова Бегимай
3- орун: Базарбаева Саадат

18 жашка чейинки балдар арасында:
1-орун: Съездбеков Руслан
2-орун: Шаршембиев Адил
3- орун:  Сайпиев Темирлан

18 жашка чейинки кыздар арасында:
1-орун: Майрамбекова Айпери
2-орун: Советбекова Нурай
3- орун: Абдиразакова Эркеайым