31.05.2018 12:40

Алтынкыз Казакбаева: Кыргызстандын эң сулуу айымы

«Миссис Кыргызстан-2018» сынагын үч баланын энеси жеңип алды. Эң сулуу айымдын таажысы 33 жаштагы Алтынкыз Казакбаевага буюрган. Сулуулук тажысынын ээси эми ушул жылдын декабрында Филиппинде өтө турган эл аралык сынакка жолдомо алды. Апалар жарышкан конкурска 19 жаштан тартып 55 жашка чейинки айымдар таймашкан болчу. 

Өзү юрист, жеке ишкерлик менен да алектенген Алтынкыз Казакбаева туурасында кийинки материалда.