Америкада инкассатордун унаасынан түшүп калган 600 миң долларды ээсине кайтарышты
Американын Индиана штатына караштуу Индианаполис шаарында жүрүп бараткан инкассация унаасынын арткы эшиги ачылып кетип, мүшөктөгөн акча жолго чачылды.
Анда жолго дээрлик 600 миң доллар түшүп калган. Айдоочу акчанын түшүп калганын байкаган эмес.
Чоң жолдо дароо башаламандык жаралган. Көргөндөр унааларынан түшө калып, акча чогултуп башташкан.
Кээлер көрүнүштү тасмага түшүрүүгө шашышкан.
Инкассатор ага башка айдоочулар кол булгалаганда гана унаасын токтогон.
Окуя болгон жерге келген полиция чөнтөктөрүн акчага толтуруп алгандарды кармап, акчаны кайтарган.
Бирок полиция келгенге чейин акчаны чогултуп кеткендер дагы болгон. Полиция андай жарандарды акчаны кайтарып берүүгө чакырды, эгер кайра бербесе акча уурдалды деп эсептелет.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: