30.08.2018 08:30

Апасын түшүрүп, баласын алып кетип калган такси айдоочусу кармалды

Апасын түшүрүп, баласын алып кетип калган такси айдоочусу кармалды

Такси айдоочусу жүргүнчү аялдын баласын алып кетип калып, полиция кызматкерлери аны кармоо үчүн «Колго түшүрүү» планын киргизишти. Бул тууралуу РФ ИИМинин калаа башкармалыгынын маалымат кызматына таянып, РИА «Новости» билдирди.

Окуя Россиянын Москва шаарында болгон. Маалыматка караганда, жүргүнчү аял таксиден түшкөндөн кийин унаа жүрүп кетип, баласын алууга үлгүргөн эмес.

Тартип сакчылары унааны кармоо планын жарыялап, учурда айдоочу табылды. Колго түшүрүү учурунда бала унаанын арткы орундугунда уктап жаткан. Айдоочунун кичине бала менен жоголуп кетүү фактысы боюнча териштирүү башталды.