07.04.2020 10:30

Апрель Элдик революциясы. Сеид Атамбаев: КСДП үй-бүлөлүк-кландык режимге дайыма каршы турат

Апрель Элдик революциясы. Сеид Атамбаев: КСДП үй-бүлөлүк-кландык режимге дайыма каршы турат

Бүгүн, Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгы. Бул дата менен Кыргызстандыктарды экс-президенттин уулу Сеид Атамбаев куттуктады.

Өзүнүн кайрылуусунда Сеид Атамбаев ондогон адамдын жанын кыйган кандуу бийликтин каталарын унутпай, андан сабак алуу керектигин билдирген.

“Ал күнү мен дагы Ак үйдүн алдында болчумун. Бир күн кечке, түндөсү дагы адамдар кан жалап өлүп атты, биз аларды таштабай, аянттан алып догдурларга тапшырып жаттык. Ар бирибиз күтүүсүз жерден ок жеп калышыбыз мүмкүн эле. Андай өлкөдө жашагандан коркосуң. Биз бул күндү унутпай, сабак алышыбыз керек”, - дейт Сеид Атамбаев.

Сеид Атамбаев 2010-жылы 7-апрелде набыт кеткендердин жакындарына көңүл айтып, үй-бүлөлүк кландык режимди кулаткан баатырлардын алдында баш ийип, таазим этээрин белгилеген.

“Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн өз жанын аябай өмүрүн арнагандарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиремин. Биздин мамлекеттүүлүктүн заманбап баскычында президенттик башкарууну жана авторитардык режимди кайра жандандыруу аракети көрүлүп жатат. Тилекке каршы мурунку эки президенттин каталары азыркы мамлекет башчыны эч нерсеге үйрөтпөптүр”, - дейт Сеид Атамбаев.

Ошондой эле экс-президенттин уулу Сеид Атамбаев Сооронбай Жээнбеков аны президенттик шайлоого чыгарган партиянын приоритеттерине кайтып келет деген каалоосун калтырган.

“Урматтуу кыргызстандыктар биздин партиянын атынан бийликтин мыйзамсыз кадамдарына каршы ишибизди токтотпойбуз деп ишендирип кетебиз. Бийликке ким гана келбесин, биз дайыма үй бүлөлүк-кландык режимге каршы чыгабыз”, - деп Атамбаевдин уулу сөзүн жыйынтыктаган.