26.06.2019 08:00

«Апрель» телеканалында «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» телемарафону өтүп жатат 

«Апрель» телеканалында «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» телемарафону өтүп жатат 

«Апрель» телеканалынын эфиринде жана Медиа Форумдун алдында бүгүн, 26-июнда «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» телемарафону өтүп жатат. 

Күнү бою саат 8:00дөн 24:00гө чейин түз эфирде ар башка студияда, ар башка адамдар менен мыйзамсыздык, саясий куугунтуктоо, бул көрүнүштөрдүн себептери жана кесепеттери тууралуу маектешебиз.

Трансляция «Апрель» телеканалынын түз эфиринде жүрөт. Ошондой эле, биздин  FacebookInstagram баракчаларыбыздан жана YouTube каналыбыздан көрө аласыздар.

Күнү бою сиз:
«Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» петициясына кол  кое аласыз.
Инстаграм баракчабыздагы добуш берүүгө катыша аласыз кыргызча,  орусча.
(0312) 533-311 жана 0505 22 55 22 номери аркылуу байланышка чыгып, түз эфирде колдоо сөзүңүздү айта аласыз. 
Социалдык тармактагы трансляция учурунда өз сурооңузду калтыра аласыз, биз аны эфирдеги конокторубузга узатабыз.

Күн бою 7- Апрель 4/4 дарегиндеги Медиа Форумдун алдында «Эркин микрофон» акциясына катыша аласыздар. Келип, мыйзамсыздык жана саясий куугунтуктоо, өлкөдөгү  абал тууралуу өз оюңузду айтыңыз, биз аны эфирде көрсөтөбүз.

Ошондой эле, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү маалымат борборунда студия иштейт.
Биздин максат  – баарыбыз биригип, бийликтен мыйзамдуулукту жана акыйкаттуулукту талап кылуу.